Аймак

КУРСАН АСАНОВДУН ТЕРГӨӨ ИШИ АЯКТАДЫ

КУРСАН АСАНОВДУН ТЕРГӨӨ ИШИ АЯКТАДЫ

 962 Бардыгы /

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 4-февралда кабарлады.

Ага ылайык, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»), 43-беренесинин 2-бөлүгү («Кылмыш жасоону уюштуруу же анын аткарылышына жетекчилик кылуу»), 44-беренесинин 2-бөлүгү («Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу»), 45-беренесинин 3-бөлүгү («Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк»), 5-бөлүгү («Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү») боюнча айыпталууда.

Ал ИИМдин башка кызматкерлери Пайзилда уулу Дамир менен Мухамедали Асановду өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, жардамчысы жана жансакчысы катары иштетип жүргөн, өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков менен чогуу биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу калп маалыматтарды тараткан деп шек саналууда.

Мындан тышкары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта Дамир Пайзилда уулу жана Мухамедали Асанов менен кошо кылмыш далилдерин жок кылган, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жансакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласына, андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине жеткириш үчүн берген деп айыпталууда. Бул иштин алкагында жардамчысы Дамирбек Пайзылда уулу да камакка алынган.

Курсан Асанов «мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан четтетилип, үй камагына алынган.

27-августта Асановдун 22 жаштагы уулу Мухамедали Асановго издөө жарыяланган. Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып, жеке кызыкчылыгын эч качан мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой турганын айткан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17