Аймак

ТҮРКИЯ: СИРИЯ АГРЕССИЯЛЫК АРАКЕТТЕРИН ТОКТОТУШУ КЕРЕК

ТҮРКИЯ: СИРИЯ АГРЕССИЯЛЫК АРАКЕТТЕРИН ТОКТОТУШУ КЕРЕК

 842 Бардыгы /

Түркия ТИМ башчысы Мевлүт Чавушоглу Орусия сирия өкмөтүндөгү таасирин колдонуу менен 3-февралда Идлиб провинциясында жасалгандай чабуулдарга жол бербөөгө тийиш экенин билдирди. Анда бир нече түрк жана сирия жоокери өлгөн.

Чавушоглу Орусия ТИМ башчысы менен телефондогу сүйлөшүүсүнө комментарий берип жатып: “Сирия режими токтоосуз түрдө агрессиялык аракеттерин токтотууга тийиш – дал ушул сөздү менен Сергей Лавровго да айттым”, – деди.

Сирия армиясы Идлиб провинциясындагы козголоңчулардын гарнизонун аткылаган учурда жети түрк жоокери жана бир карапайым жашоочу набыт болгону кабарланган. Сирия өкмөтү жоготууларды тастыктаган эмес.

Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров 4-феварлда “учурда түрк тарап Идлиб маселесин түп тамырынан чечүү боюнча алган милдетенмелерин аткара албай жатканын” билдирген.

Түркия Сирия оппозициясын, Орусия өкмөтүн колдойт. Эки өлкөнүн жетекчилиги Идлибдеги аскердик аракеттерди токтотуп, демилитаризацияланган аймак түзүүнүн үстүнөн иштөөнү макулдашкан. Бирок бул макулдашуунун шарттары бир нече жолу бузулган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17