Аймак

НООКЕН: 10 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ ЗОРДУКТАГАН ЖАРАН 2 АЙГА КАМАККА АЛЫНДЫ

НООКЕН: 10 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ ЗОРДУКТАГАН ЖАРАН 2 АЙГА КАМАККА АЛЫНДЫ

 2,296 Бардыгы /

Ноокен районунда зордуктоо фактысына шектелген жаран бүгүн 5-февралда 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин Ноокен районунда 10 жаштагы кызды зордуктады деген жаран изделип жаткандыгы маалымдалган. Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында Ноокен районунун 2000-жылы туулган тургуну А.А. кылмышка шектүү катары кармалган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүүнүн үйүнөн кылмышка тиешелүү делген далил буюм табылган. Андан сырткары шектүүнү жабырлануучу тааныгандыгы туурасында көрсөтмө берген.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 28-январда Ноокен РИИБге ушул эле райондун Н.Ы. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ошол эле күнү саат 17:00 чамасында 2010-жылы туулган кызы мектептен чыгып, үйүнө бара жатканда 20-25 жаштардагы бейтааныш жигит коркутуп, күч колдонуп зордуктаганын билдирген.
Бул факт боюнча топтолгон материалдар Ноокен РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Зордуктоо» кылмышы болуп катталып, Жазык кодексинин 161-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17