Аймак

УЧАСТКАЛЫК ООРУКАНА ЖАҢЫЛАНДЫ

УЧАСТКАЛЫК ООРУКАНА ЖАҢЫЛАНДЫ

 930 Бардыгы /

Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагындагы участкалык оорукана  капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп пайдаланууга берилди.  

Мында 3 орундуу төрөт үйү, балдар  бөлүмү,терапия бөлүмдөрү иштеп, алар капиталдык оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди.

Оорукананын бардык бөлмөлөрү, ысык суу жана сан узелдер менен жабдылап, бейтаптар үчүн жакшы шарттар жаратылган.  Тендерден ОсОО “Эл булак-азиз” курулуш компаниясы утуп, 539миңге жакын каражат бөлүнгөн.

Аталган ооруканада эки врач, 11 медицина кызматкерлери эмгектенип, он миңден ашуун калкы бар үч айылдын калкын тейлейт. Оорукана 1964-жылы салынган  болсо, ошондон бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн.

  Абдымомун КАЛБАЕВ,  Аксы  району.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17