Аймак

МИЛИЦИЯ ТАРАБЫНАН ӨСПҮРҮМДӨРГӨ КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛДҮ

МИЛИЦИЯ ТАРАБЫНАН ӨСПҮРҮМДӨРГӨ КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛДҮ

 1,084 Бардыгы /

Ноокен РИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жаштарга түнкү убакыттарда көчөгө чыкпоо керектиги эскертилүүдө.  Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар Бүргөндү айыл өкмөтүндөгү мектептерде окуучулар менен жолугушуп, кылмыштуулуктун алдын алуу, эрте турмуш куруунун терс жактары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Мындай иш-чаралар алдыда башка айыл өкмөттөрдө дагы улантылмакчы.

Ошондой эле Базар-Коргон РИИБи тарабынан дагы жаш өспүрүмдөрдүн эрте эмгекке тартылуусунун жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында атайын рейд өткөрүлдү. Бул иш-чарага райондук администрация жана билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү дагы катышышты. РИИБдин кызматкерлери базарларды, автобекет, кафе, компьютердик клубдарды көзөмөлгө алышты. Рейд учурунда түнкү убакытта коштоосу жок жүргөн 4 өспүрүмдүн ата-энелерине КРнын Бузуулар кодексинин 61-беренесинин негизинде айып пулдар салынды.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17