Аймак

БЕНЗИНГЕ КҮЙГӨН САТИНА КҮЙӨӨСҮН КЕЧИРИП, МИЛИЦИЯГА ТОСМО АРЫЗ ЖАЗДЫ

БЕНЗИНГЕ КҮЙГӨН САТИНА КҮЙӨӨСҮН КЕЧИРИП, МИЛИЦИЯГА ТОСМО АРЫЗ ЖАЗДЫ

 952 Бардыгы /

Бензинге күйгөн Сатина күйөөсүн кечирип, милицияга тосмо арыз жазды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов айтты.

«Январь айынын этегинде 33 жаштагы Сатина Бабаканова күйөөсү Н.Ч.га карата нааразылыгы жок экенин билдирип, тосмо арыз жазды. Анын айтымында, күйөөсү менен мындан ары үй-бүлөнү бузбай, чогуу жашоону уланткысы келет. Бирок аталган факт Каракол ШИИБдин КЖБРде катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 39-130 беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун («Бейбаштык максатта киши өлтүрүүгө аракет кылуу») негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бардык тергөө иштери жыйынтыкталган соң иш сотко өткөрүлүп берилет», – деди Сталбек Усубакунов.

Окуя 4-январь күнү Каракол шаарындагы борбордук базарлардын биринде болгон. Анда күйөөсү Сатинага бензин куюп, аны кызганычтан улам өрттөп жибергени айтылган. Шектүү Н. Ч. эки айга камакка алынган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17