Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА АЭСтин КУРУЛУШУ БОЮНЧА КООМДУК ТАЛКУУ ӨТӨТ

ӨЗБЕКСТАНДА АЭСтин КУРУЛУШУ БОЮНЧА КООМДУК ТАЛКУУ ӨТӨТ

 1,087 Бардыгы /

Эл аралык нормалар жана Атомдук энергия боюнча эл аралык комитеттин (МАГАТЭ) талабы боюнча жакында Өзбекстан жана ага коңшу өлкөлөрдө өзбек АЭСинин курулушунун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири боюнча жыйын өтөт.

Өзбекстан Эгергетика министрлиги билдиргендей, 5-февралда Казакстан экология министри баштаган делегация менен жолугушуу болгон.

Маалыматка караганда, казак тарап атом энергиясын тынч максатта колдонуу тармагында Өзбекстан көрүп жаткан чараларга оң баасын билдирген жана бул багытта тыгыз кызматташууну сунуштаган.

Буга чейин “Росатомдун” башкы директору Алексей Лихачев Өзбекстанда АЭСтин пайдубалын түптөө 2020-2021-жылга белгиленгенин жарыялаган.

Өзбекстан энергетика министри Алишер Султановдун айтымында, АЭС ар бири 1200 МВт кубаттуулуктагы 1200 гидроагрегаттан турат. Анын айтымында, биринчи агрегат 2028, экинчиси – 2030-жылы ишке берилет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17