Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: «ИЛИМ, ТЕХНИКА ЖАНА ӨНДҮРҮШ»  КЕЧЕСИ ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД: «ИЛИМ, ТЕХНИКА ЖАНА ӨНДҮРҮШ»  КЕЧЕСИ ӨТТҮ

 2,174 Бардыгы /

Бүгүн, 10-февралда Жалал-Абад шаардык экология, аймак таануу жана техникалык чыгармачылык балдар борборунда «Илим, техника жана өндүрүш»  кечеси өттү.

Салтанаттуу кечеде концерттик программа коштолуп, “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну, шахмат жана окуучулардан дил баян алуу менен жүргүзүлдү. Ага жакынкы райондордон келген чыгармачыл окуучулар катышып, окумуштуулар, илимий жетекчилер чакырылган.

Бул иш-чара тууралуу Жалал-Абад шаардык экология, аймак таануу жана техникалык чыгармачылык балдар борборунун адиси Аида Абдукаимова төмөнкүлөрдү билдирди.

-Балдардын чыгармачылыгын техника жаатында арттыруу жана ар тараптан өнүктүрүү максатында, жыл сайын кароо-сынактарды өткөзүп келебиз. Биз атайын конокторду чакырганбыз. Алар өзүнүн жетишкендиктери менен балдарга тааныштырышат. Балдар алып келген макеттерин жакташат. Аягында атайын сыйлыктарыбыз бар. Жакынкы күндөрдө республика боюнча сынак уюштуралы деп жатабыз”,-дейт А.Абдукаимова.

Ноокен районунан кечеге катышууга келген Баяман Амангелдиев түрдүү макеттерди жасап келгенин айтат.

“Бул конкурска биринчи жолу катышып жатам. Ар түрдүү интернет оюунундагы каармандарды пластилинден жасап, бүгүн өзүмдүн фантазиям менен жасалган түрдүү макеттерди алып келдим. Мындай конкурсттар көп болсо экен дейт элем”-дейт Б.Амангелдиев.

  

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17