Аймак

КЫРГЫЗСТАНДА МАҢЗАТ ТАШЫГАН ТОП КАРМАЛДЫ

КЫРГЫЗСТАНДА МАҢЗАТ ТАШЫГАН ТОП КАРМАЛДЫ

 1,608 Бардыгы /

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) ооган маңзатын ташыган топ колго түшкөнүн кабарлады.

Маалыматка караганда, ИИМ менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин биргелешкен операциясынын жыйынтыгында маңзат каналын уюштурган адамдар кармалып, 274 килограмм гашиш жана 3,5 килограмм метамфетамин алынды. Учурда бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Мындан тышкары Жалал-Абад облусунда баңгизат даярдаган топ аныкталган. Маалыматка караганда, Токтогул районундагы үйлөрдүн биринде маңзат даярдаган жабдуулар жана 87 килограмм гашиш, 17 килограмм марихуана табылган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17