Аймак

АШХАБАДДА ЖОГОРКУ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНА КЕЧКИСИН КӨЧӨГӨ ЧЫГУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

АШХАБАДДА ЖОГОРКУ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНА КЕЧКИСИН КӨЧӨГӨ ЧЫГУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

 936 Бардыгы /

Ашхабадда жогорку класстын окуучуларына кечки саат ондон кийин көчөгө чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

— 6-февралда шаардагы бардык орто мектептерде 8-11-класстардын окуучулары үчүн чогулуштар өткөрүлүп, кечки саат ондон кийин көчөгө чыгууга тыюу салынгандыгы айтылды. Аларга ондон кийин көчөдө кармалса, полиция бөлүмүнө жеткирилип, административдик жоопкерчиликке тартыла тургандыгы эскертилди, — деп жазды басылма.

Ата-энелердин айтымында, мектеп жетекчилери бул тыюунун себептерин түшүндүрүшкөн жок. Болгону кечкисин «бойго жетип калган балдардын үйдө сабак даярдап отурганы туура болорун» айтышкан.

Бул боюнча шаардык билим берүү башкармалыгынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Январдын ортосунда өлкөнүн Балкан, Дашөгүз жана Лебап облустарында окуучулар менен мугалимдерге мектепте чөнтөк телефон колдонууга тыюу салынганы кабарланган.

 

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17