Аймак

АЛАЙДА КӨМҮР КЕНИН КАЗУУГА ТУРГУНДАР КАРШЫ ЧЫГЫШТЫ

АЛАЙДА КӨМҮР КЕНИН КАЗУУГА ТУРГУНДАР КАРШЫ ЧЫГЫШТЫ

 1,489 Бардыгы /

Алай районунун Согонду айылынын тургундары айылдан 2500 метр аралыктагы Тайгак-Таш аймагынан көмүр казууга каршылык билдирип чыгышты. Жергиликтүү тургундар муну арчалар кыйылып, Гүлчө дарыясы булганып, жаратылышка кесепети тиет деп негиздеп жатышат.

«Бул аймак биздин жайлоо болуп эсептелет. Март айынан тартып мал багып жайлоого чыгабыз. Көмүр казабыз деген компаниянын ишине биз башынан бери нааразы болуп келатабыз. Иштей баштаса ичер суубузду да булгайт», – деди Согонду айылынын тургуну Миртемир Рахманбердиев.

Чогулган элге Алай районунун акими Замир Молдокулов келди.

Тайгак-Таш аймагындагы 119,93 гектар аянтты ээлеген көмүр кенин «Бикипинг» жоопкерчилиги чектелген коому изилдеп жатат. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет кенди изилдөөгө үч жылдык мөөнөт менен 2017-жылдын декабрь айында уруксат берген. «Бикипинг» 2019-жылдын 13-июнунда кайра каттоодон өткөн.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Алай районунда кен иштетүүгө лицензия алган 62 ишкана бар.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17