Аймак

КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ: ИМПОРТТОЛГОН ТОВАРДЫН КӨЛӨМҮНДӨГҮ АЙЫРМА 3 МЛРД. 600 МЛН. ДОЛЛАР

КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ: ИМПОРТТОЛГОН ТОВАРДЫН КӨЛӨМҮНДӨГҮ АЙЫРМА 3 МЛРД. 600 МЛН. ДОЛЛАР

 622 Бардыгы /

Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айэркен Саймаитиге байланышкан маалыматтарды иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму өтүп жатат.

Анда Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев маалымат берип жатып, кыргыз-кытай товар жүгүртүүсүндөгү айырмачылыктарды белгиледи. Анын айтымында Кытайдан импорттолгон товардын көлөмү боюнча айырма 3 миллиард 600 миллион долларды түзөт. Былтыр Кыргызстанга 2 миллиард 900 миллион доллардан ашык товар импорттолгон. Ал эми Кытайдын эсебинде Кыргызстанга 5,5 миллиард доллардан ашык товар жөнөтүлгөнү көрсөтүлгөн. Муну Торутаев товарларды эсептөө ыкмасындагы айырмачылыктан болушу мүмкүн деп болжоду. Аны бир стандартка салуу боюнча Кыргызстандын аракеттери Кытай тараптан колдоо таппай жатканын белгиледи.

Былтыр 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдү жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Комиссиянын жыйынында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын, УКМКнын өкүлдөрү, “Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси катышып, маалымат берген.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17