Аймак

ТАШКЕНТТЕ ТЫҢЧЫЛЫККА АЙЫПТАЛГАН КҮЧ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СОТТОЛУУДА

 653 Бардыгы /

Ташкентте 10-февралда Өзбекстан президентине караштуу Стратегиялык жана аймак аралык изилдөөлөр институтунун мурдагы директору, саясат таануучу Рафик Сайфулиндин соту башталды.

Сайфулиндин ишин Аскердик сот карап жатат. Ал «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренеси боюнча айыпталууда.

Сайфулин менен кошо ондогон өзбек аскер кызматкерлери Орусиянын пайдасына тыңчылык кылууга, мамлекеттик сырды ачыкка чыгарууга айыпталышууда. Алардын арасында Өзбекстан Куралдуу күчтөрүнүн Бирдиктүү штаб башкармалыгынын мурдагы башчысы Акбар Ярбабаев да бар.

Акбар Ярбабаев жана анын аялы Елена 2019-жылы 15-июлда кармалган.

Кылмыш иши менен тааныш өз булактын билдиришинче, соттолуучулар аналитикалык бүтүмдөрү менен бөлүшүп турушкан, бирок алар жашыруун маалыматтар жана документтер болгон эмес.

Рафик Сайфулин мурдагы атайын кызматкер. Ал кийинчерээк эле Стратегиялык жана аймак аралык изилдөөлөр институтунун директору болгон. Рафик Сайфулин Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы, камактагы генерал Рустам Иноятовдун жакын санаалаштарынын бири катары аталып жүрөт. Сайфулин аналитикалык материалдарында Өзбекстан Батыш жана АКШдан оолактап, Орусия менен жакын ымала түзүшү керектигин белгилеп келген.

Эгер сот өзбек аскер кызматкерлерин «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапса, алар 10дон 20 жылга чейин соттолушу мүмкүн.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17