Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДЫН ООГАНСТАН МЕНЕН ЧЕКТЕШ АЙМАГЫНДА ЖАШАГАНДАР КЫРДААЛ КООПТУУ БОЛУП БАРАТКАНЫН БИЛДИРИШҮҮДӨ

ТҮРКМӨНСТАНДЫН ООГАНСТАН МЕНЕН ЧЕКТЕШ АЙМАГЫНДА ЖАШАГАНДАР КЫРДААЛ КООПТУУ БОЛУП БАРАТКАНЫН БИЛДИРИШҮҮДӨ

 957 Бардыгы /

Түркмөнстандын түштүк-батышында, Ооганстан менен чектеш аймакта жайгашкан калктуу конуштун жашоочулары соңку мезгилде кырдаал кооптуу боло баштаганын билдиришүүдө.

Жергиликтүү тургундар “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысына түнкүсүн мылтык үндөрү угулуп, кез-кезде куралдуу жоочулар менен жүздөшүп калып жатышканын айтышкан.

Калаимор кыштагы Серхетабад чек ара тозотунан 40 чакырым аралыкта жайгашкан.

– Бул аймактарда түтүн аз. Чабандар бир нече жолу оогандарды көрүшкөн. Бактыга жараша, карапайым эл менен кагылышуу каттала элек, – деди кабарчы.

Кырдаал кооптуу болуп бараткандыктан жашоочулар чек арадан алыс аймактарга көчүп кетүү жөнүндө ойлонушууда.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17