Аймак

МИЛИЦИЯ ТАРАБЫНАН ӨСПҮРҮМДӨРГӨ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ

МИЛИЦИЯ ТАРАБЫНАН ӨСПҮРҮМДӨРГӨ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ

 899 Бардыгы /

Жалал-Абад областынын аймагында милиция кызматкерлери тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука РИИБнин кызматкерлери район аймагындагы мектептерде ата-энелер жана окуучулар менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. Алар үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, балдарга карата ырайымсыз мамилелерди болтурбоо, кылмыштуулукка, укук бузууларга жол бербөө үчүн түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Бул иш-чараларга райондук администрация, прокуратура өкүлдөрү, балдарды коргоо, билим берүү бөлүмдөрү, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери катышууда.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун жана мектеп рекетчилигинин алдын алуу максатындагы окуучулар арасындагы спорттук иш-чара Базар-Коргон РИИБи жана райондук спорт комитети тарабынан уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Волейбол боюнча өткөрүлгөн мелдешке Базар-Коргон, Кеңеш, Бешик-Жон айыл аймактарынан жалпы 7 команда катышып, 1-орунду Бешик-Жон айыл аймагынын окуучулары утуп алышты. Жеңүүчүлөргө ардак громаталар жана спорттук топтор ыйгарылды.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17