Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: МЕДИА БОРБОРГО ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ДАЙЫНДАЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД: МЕДИА БОРБОРГО ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ДАЙЫНДАЛДЫ

 1,202 Бардыгы /

Маданият, маалымат жана туризм министринин буйругуна ылайык Тургунбай Алдакулов Жалал-Абад облустук медиа борборунун директору болуп дайылдалды. Борбордун жамаатына жаңы дайындалган жетекчини өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков тааныштырды.

(Сүрөт: Тургунбай Алдакулов)

Министрдин дайындоо жөнүндө буйругу 10-февралда чыккан.  Эмгек келишиминин негизинде дайындалган 42 жаштагы Т.Алдакулов буга чейин 2016-2018-жылдары ушул облустун телеканалында жетекчи болуп иштеген.

Өткөн жылдын аягында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында турган райондук гезиттер жоюлуп, облустук телеканалдардын базасында медиа борборлор уюштурулган. Быйыл жыл башынан тартып медиа борбордун директорлорун тандоого министрлик сынак жарыялаган.

Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад облустук медиа борборунда 80ден ашык кызматкер эмгектенет. Борбордун карамагында телеканал жана эки облустук гезит бар.

 

«Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17