Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ВИЦЕ-МЭРИ КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КАЙДЫГЕРБИ?

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ВИЦЕ-МЭРИ КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КАЙДЫГЕРБИ?

 1,504 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышев кыргыз тилине кайдыгер. Мындай пикирин КРдин “Кыргыз тили” коомунун Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Үпөл Асаналиева редакцияга билдирди. 

-Улуу мурастарыбыздан калган улуттук тилибиздин түбөлүктүүлүгүн сактоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Ага ылайык, биз бүгүн Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндө илинип турган мыйзамсыз көрнөк жарнактарды тазалоо жаатында рейд жасамакпыз. Бул боюнча мэриянын социалдык иштери боюнча вице-мэри Руслан Алтымышев менен сүйлөшкөнбүз. Бүгүн массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен барып, күттүк. Жолуксам, “башка иштер менен бошобой жатабыз, башка күнгө жылдыралы” – дейт. Буга чейин эки жолу жылдырылган. Мени өздөрү жардамга чакырышат. Мен КРдин Кыргыз тили коомунун Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү катары жакындан жардам берүү иретинде, мамлекеттик тил боюнча, бир жылдык иш чаралардын, кароо-сынактардын, жоболордун, сценарийлердин, бюджет сметалардын, кандай буйрук даярдоо, конференция, коллегия жана башка көптөгөн ишкагаздардын үлгүлөрүн тил адисине алып келип бергем. Ошондой эле көрнөк жарнактар боюнча  рейд маселесин уюштуруп берейин деп текшерүүгө чыкмакчы болгонбуз.

Руслан Алтымышев эмне үчүн баш тартты? Ал рейд боюнча буйрук жасай элек экен. КРдин Мамлекеттик тил мыйзамынын 24-27-беренелеринин негизинде көчөдөгү мыйзамсыз көрнөк-жарнактарга байма-бай рейд жасап туруу деп буйрук чыгарып коюш керек эле. Бул төрт эле сөз. Мына ушуну даярдап чыгарып алгыла деп ошонун үлгүсүнөн бери алып барып бергем. Иш чара түзө элекмин деген шылтоо менен, рейд кылуудан баш тартты. Эне тилибизди кимдир бирөөнүн кызыкчылыгынан кийинки орунга койгон кечиримсиз күнөө. Энесин сыйласа, тилди кошо сыйлаш керек. Тилди ушинтип басмырлап, жетимсиретип болбогон иш-чаралардан кийинки орунга койгону үчүн акыркы үч жылда шаарда мамлекеттик тил жагдайы өтө  аксап келе жатат. Буга вице-мэр катары Р.Алтымышев түздөн-түз өзү көмөк көрсөтүп, жардам бериш керек болчу. Ал буйрукту чыгарууга болбоду дегенде 10 мүнөт убактысы кетет. Бул дегени анын тилге болгон кайдыгерлиги. Биз азыр рейдге чыга берели, кимдир бирөө жакаласа, тилдин облустагы өкүлү катары өзүм жооп берем дедим. Биз жарнактарды мыйзамсыз алсак, алар бизнесмендердики, чоңдордуку болуп калса алар “эмненин негизинде жулдуңар?” – деп сотко берсе, жооп беребиз да деп жатпайбы. Андай болсо, өзүнүн ишин так аткарсын. Ар бир нерсеге учурунда буйрук чыгарсын. Бардык нерсеге (иш мерчем,жылдык иш чаралар, кароо-сынактар, рейддер, жобо ж.б.) 16-январга чейин жазылып, өзү “бекитемин” деп кол коюп даярдап коюш керек эле. 16-январь эмес, 16-февраль келе жатат.  21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү келе жатат. Ага карата окуу жайларга, мектептерге, башка мекемелерге ушул күндү белгилөө боюнча буйруктар кетиши керек. Окуу жайлар мэрияны күтүп турбастан ар бир датаны өздөрү өздөштүрүп келишет. Бул жаатта социалдык маселелер боюнча вице-мэр тиешелүү буйруктарды  жөнөтүп, аткарууну көзөмөлгө алып коюшу зарыл.

Акыркы жолу күз мезгилинде рейдге чыкканбыз, анын негизинде бир топ ири мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактар алынган. Жарнак маселеси мыйзамсыз жарнамаларга эскертүү таркатылып, ар бир айда рейд жүргүзүлүп турушу шарт.

Эшигин көрүп төрүнө өт дегендей, кыргыздын кылым карыткан тили  жетимсиребей, бадырайып өз ордун таап, мамлекет тарабынан камкордукка алынышы учурдун талабы. Жергиликтүү бюджеттен мамлекеттик тил боюнча бир жылдык иш чараларга тиешелүү каражат бөлүнүп берүү жагын Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы  Джолдошев Айбек мырза менен баарлашканда, албетте, туура кабыл алып, чечип берүү жагын колдоду. Эң негизгиси мамлекеттик тил боюнча иш алып барган тиешелүү кызматкерлердин кашаңдыгы өкүндүрбөй койбойт.

Эне тилге болгон бүгүнкү күнүбүз – эртеңки тарыхыбыз.

 

Үпөл Асаналиева, КРдин “Кыргыз тили” коомунун облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КРдин Журналисттер союзунун мүчөсү

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17