Аймак

БШК ТӨРАЙЫМЫ МОСКВАДА МЕКЕНДЕШТЕРИНЕ ЖОЛУКТУ

БШК ТӨРАЙЫМЫ МОСКВАДА МЕКЕНДЕШТЕРИНЕ ЖОЛУКТУ

 616 Бардыгы /

МОСКВА. Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекова Москва шаарында жана облусунда эмгектенип жүрүшкөн   Кыргыз диаспорасынын жолбашчылары, ошондой эле өкүлдөрү менен бетме-бет жолугушту.

Бул жолугушууга Кыргыз Республикасынын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов, Кыргыз Өкмөтүнө караштуу МККнын “Инфоком”  мамлекеттик ишканасынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер Министрлигинин жана Миграция кызматынын Өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, анан аталган Элчиликтин кызматкерлери дагы катышышты. Анда  чет өлкөлөрдө «Жарандык укук, жарандык милдет» деп аталган маалыматтык кампаниянын алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо” тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу, мындан тышкары чет жактардагы мекендештерибиздин шайлоо укуктарын пайдаланышы үчүн кандай шарттар түзүлүп жаткандыгы жөнүндө жетишээрлик маалыматтар угулду. Жолугушуунун катышуучулары 2018-2020-жылдарга карата Шайлоо тууралуу мыйзамды жакшыртуу Стратегиясынын алкагында чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруусунун шарттарын өркүндөтүү боюнча Кыргыз Өкмөтү тарабынан көрүүлүп жаткан чаралар жана 2020-жылдын 4-октябрында мерчемделген Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого даярдыктар жөнүндө кенен-чонон маалымат дагы алышты.

Соңунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекова Ккыргыз диаспорасынын жана коомдук уюмдардын  лидерлерин кызыктырган бир катар суроолорго ачык жоопторду кайтарды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17