Аймак

ИНДИЯДАГЫ «СУРАДЖКУНД МЕЛА» ДҮЙНӨЛҮК ЖАРМАҢКЕСИНЕ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ДАГЫ КАТЫШУУДА

ИНДИЯДАГЫ «СУРАДЖКУНД МЕЛА» ДҮЙНӨЛҮК ЖАРМАҢКЕСИНЕ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ДАГЫ КАТЫШУУДА

 542 Бардыгы /

ФАРИДАБАДИндиянын Харьяна штатына караштуу Фаридабад шаарында кол өнөрчүлөрдүн Эл аралык «Сураджкунд Мела» жармаңкеси өтүп жатат. Бул иш-чарага Жер шарынын кырктан ашуун өлкөлөрүнүн кол өнөрчүлөрү катышууда.

Кыргызстандын Индиядагы Элчилигинин жардамы аркасында аталган Эл аралык жармаңкеге Кыргызстандын беш адис катышып жатышат. Мындан тышкары А.Шаршебаева жетектеген «үч муунак» комузчулар ансабли өз өнөрлөрүн тартууулашса, «Арсланбоб» Кыргыз-Индия кампаниясы Ата Мекендик продукцияларын жарнамалап жаткан чагы. Ошентип, Кыргыз кол өнөрчүлөрү алардын жаратмандыгына таандык улуттук кийим-кечелерди, белек-бечкектерди, айыл чарба продукцияларын жана музыкалык жабдыктарды конокторго байма-бай сунуш этишүүдө.

Айтмакчы, кол өнөрчүлөрдүн Эл аралык «Сураджкунд Мела» жармаңкеси Индиянын Харьян штатынын Өкмөтү тарабынан 1981-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келатат.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17