Аймак

ИНДИЯДА ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН «ЖАМИЙЛА» ПОВЕСТИ БОЮНЧА СПЕКТАКЛЬ КОЮЛДУ

ИНДИЯДА ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН «ЖАМИЙЛА» ПОВЕСТИ БОЮНЧА СПЕКТАКЛЬ КОЮЛДУ

 1,101 Бардыгы /

НЬЮ-ДЕЛИ. Индиянын Нью-Дели шаарында Shri Ram Centre сахнасында 

улуу Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повести боюнча спектакли көрсөтүлдү.

Бүтүн дүйнөгө таанымал жазуучунун чыгармасынын эң терен мааниси бул күндөрү Нью-Дели шаарында өтүп жаткан «Bharat Rang Mahotsav» аттуу 21-Эл аралык Индиянын театр фестивалынын алкагында Калькутта шаарынан индиялык театралдык тобу тарабынан ачылып берилди.

– Мен үчүн Жамийла – жөн ганаойнооэмес, бул өзүңдү  табуу!

Жамийла гана эмес, башка бардык кыйналган аялдарга дагы тиешелүү. Режиссер катары бул романдагы бир нече кыйынчылыктарга тушуктум. Окуя көптөгөн кинематографиялык элементтерин камтуу менен жазылган. Ошону үчүн чыгарманы түзүү чоң чакыруу болду. Мен үчүн Жамийла –бул махабаттын коомдук кулчулугунан куткаруу, бошотуу. Бул чыгарма аялдын өзүнүн сүйүүсүн-эркин билдирүүгө күрөшү жөнүндө, ошону үчүн бул чыгарманын үстүндө режиссер катары иштөөгө мүмкүнчүлүк, чынында, пайдалуу тажрыйба жана жетишкендик»! – деди режиссер-коюучу Плабан Басу.

Аталган спектакль эч кимди кайдыгер калтырбай, өзүнүн терең актердук оюну менен көрөрмандарды суктандырды. Спектаклге Кыргызстандын Индиядагы Элчиси А.Исаев дагы көз салып, ал актердук курамды ийгилиги менен куттуктады жана мындан ары жемиштүү биргелешкен кызматташууга жана Кыргызстанга башка чыгармалары менен сапарга баруусуна чоң үмүтүн билдирди. Баса, көрсөтүү хиндитилинде берилди.  Убактысы 2 саат 10 мүнөт.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17