Аймак

РЫСПАЙДЫН ЫРЛАРЫ МОСКВАДА ЖАҢЫРДЫ

РЫСПАЙДЫН ЫРЛАРЫ МОСКВАДА ЖАҢЫРДЫ

 2,098 Бардыгы /

МОСКВА. Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов атактуу обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун жаркын элесине арналган Москва шаарында эмгектенип жатышкан таланттуу мекендештерибиз арасындагы “Ырдайлы, Рыспайдын ырларын!” аттуу кароо-сынагына катышты.

Аталган иш-чара Москвадагы Кыргыз диаспорасынын “Кара-Кулжа” коомдук уюму тарабынан уюштурулду. Кыргыз Элчиси Аликбек Жекшенкулов Кыргыз маданиятына, мунун ичинде Кыргыз музыкасына өчпөс из калтырып кеткен Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгынын өзгөчө стилин, адамдык жогорку сапаттарын баса белгилеп, “Ырдайлы, Рыспайдын ырларын!” кароо-сынагын уюштургандарга, ошондой эле сынактын катышуучуларына терең ыраазычылыгын билдирип, аларга Элчиликтин ыраазычылык каттарын тапшырды. Ыр майрамдын катышуучуларын колдоо иретинде Москва шаарындагы Кыргыз диаспорасынын коомдук уюмдарынын жетекчилери жана активисттери дагы катышышты.

Баса, аталган сынакка жети байге коюлду. Калыстардын ачык-айкын сынагынын жыйынтыгында  баш байгеге ( 20000 р. + телевизор) Алмаз Ибраимов  татыды. Биринчи орун – Алтынбек Тотуевге (15000 р. +кол саат); экинчи орун – Өмүршер Кубанычбек уулуна (10000+кол саат); үчүнчү орун – Жаркынай Дүйшөналиевага  (8000+кол саат) ыйгарылды. Мындан тышкары  кийинки үч орунга дагы кызыктыруучу акчалай сыйлыктар тапшырылды. 

Ошентип, жалпы жонунан был кароо-сынакка 32 талапкер катышты. “Кара-Кулжа” коомдук уюму тарабынан катышуучулардын баарына тең белек-бечкектер таратылды. Ал эми көрармандарга Кыргыздын улуттук символу болгон ак калпак жана ак жоолук тартууланды. 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17