Аймак

КЫТАЙДАН ДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК 40 СТУДЕНТ КЕЛДИ

КЫТАЙДАН ДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК 40 СТУДЕНТ КЕЛДИ

 628 Бардыгы /

Кыргызстан 13-февралда Кытайдан 40 жаранын алып келди. Алардын баары студенттер.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кыргыз жарандары Казакстандын жардамы менен “Бээжин-Алматы” авиакаттамында келип, Бишкекке жөнөтүлдү.

Коронавируска байланыштуу текшерүүлөрдөн өткөрүлүп, атайын жайларга карантинге алынган студенттердин абалы канааттандыраарлык.

Карантин мезгилинде алар менен медицина кызматкерлери гана байланышта болот.

​«Алар Кытай менен Кыргызстандын ортосунда аба каттамдардын токтотулушуна жана чек арадан өткөрүү пункттарынын жабылышына байланыштуу, мурда сатып алган авиабилеттери менен учуп келе албай, Үрүмчү шаарында жашап жатышкан», – деп маалымдады министрлик.

Кыргызстан буга чейин да 200дөн ашуун жаранын Кытайдан алып келген.

Кытайда коронавируска чалдыккандардын саны 60 миңге чукулдап, 1355 киши жашоо менен кош айтышты. Ошол эле кезде ооруну жугузган 3441 киши сакайганы кабарланууда.

Илдеттен улам Кыргызстан Кытай менен чек араны жаап, авиакаттамдар токтотулган.

Кытайдан башка дүйнөнүн 30 аймагында кеминде 565 кишиге вирус жукканы аныкталды.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17