Аймак

ТОГУЗ-ТОРО МИЛИЦИЯСЫ: ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКСУЗ ТАРБИЯЛОО

ТОГУЗ-ТОРО МИЛИЦИЯСЫ: ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКСУЗ ТАРБИЯЛОО

 1,764 Бардыгы /

Тогуз-Торо РИИБнин кызматкерлери Казарман айылындагы №2 мектептин мугалимдери менен биргеликте «Зордук-зомбулуксуз тарбиялоо» аталышындагы ата-энелер катышкан тегерек стол уюштурушту. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, жыйындын жүрүшүндө балдарды зомбулуксуз тарбиялоо, мектеп рекетчилиги, топтошуп мушташуулардын алдын алуу багытындагы маселелер талкууга алынды. Милиция тарабынан ата-энелерге балдарын айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа айдатпоо керектиги, түнкү убакыттарда зарыл жумуш болбосо көчөгө чыгарбоо, сабактан сырткары өспүрүмдөргө көзөмөл салып туруу керектиги эскертилди.

Жаштарды туура жолго багыттоо жана ата-энелерге балдарын зомбулуксуз тарбиялоо максатындагы алдын алуу иштери район аймагындагы Табылгы жана Кара-Суу айылдарында дагы улантылды. Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын интернет тармагына көп көңүл бурбай, мыкты билим алып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга чакырышты. Ошондой эле мекенди сүйүүгө, кызмат кылууга жана ата-энелерге сылык мамиледе болууга үндөштү.

“Аймак”  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17