Аймак

ТРАМП: «ТАЛИБАН» МЕНЕН ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИНЕ ЖЕТИШҮҮГӨ «АЗ КАЛДЫ»

ТРАМП: «ТАЛИБАН» МЕНЕН ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИНЕ ЖЕТИШҮҮГӨ «АЗ КАЛДЫ»

 921 Бардыгы /

АКШнын президенти Дональд Трамп «Талибан» кыймылы менен тынчтык келишимине жетишүүгө «аз калганын» билдирди. Анын айтымында, талибдердин өкүлдөрү да «макулдашууну каалап жатышат».

Трамп тынчтык келишимине жетишүү датасын так айткан жок, бирок ал айдын аягына чейин белгилүү болушу керектигин белгиледи.

Акыркы күндөрү Ооганстандагы «Талибан» радикал тобу менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө АКШ «кыйла ийгиликке жетишкенин» бейшемби күнү мамлекеттик катчы Майк Помпео да билдирген. Анын айтымында, президент Дональд Трамп 2001-жылдан бери уланып келаткан жаңжалды тынчтык жол менен токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдү улантууну колдойт.

13-февралда Пентагондун башчысы Марк Эспер АКШ менен «Талибан» Ооганстандагы зордук-зомбулукту жети күнгө токтото турууну көздөгөн сунуш боюнча сүйлөшүү өткөрүшкөнүн билдирген.

«Талибан» менен сүйлөшүүдө ийигиктер болуп жаткандыгы жөнүндө буга чейин да бир нече жолу айтылган. Бирок былтыр сентябрда Трамп сүйлөшүүлөр токтогонун билдиргенден кийин Ооганстандагы кагылышуулар уланган.

«Талибандын» өкүлү жума күндөн тарта согуштук операциялардын санын азайта баштай тургандыгын ырастады. Анын айтымында, азырынча ок атууну толук токтотуу тууралуу кеп жок.

Трамп буга чейин Ооганстандагы америкалык аскерлерди толук чыгарып кетүү ниетин бир канча жолу билдирген. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талибдер америкалык аскерлер чыгарыла турган датаны так айтууну талап кылышууда. Бирок АКШ ооган бийлиги менен талибдер тынчтык орнотуунун шарттары тууралуу макулдашууга келмейинче, аскерлер чыгарылбай турганын билдирүүдө.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17