Аймак

МАГАТЭ ӨЗБЕКСТАНДА АЭС КУРУУГА КӨМӨК КӨРСӨТӨТ

МАГАТЭ ӨЗБЕКСТАНДА АЭС КУРУУГА КӨМӨК КӨРСӨТӨТ

 872 Бардыгы /

10-14-февралда Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) Венадагы башкы кенсесинде өзөктүк коопсуздук боюнча эл аралык конференция өттү.

Энергетика министри Алишер Султанов башында турган өзбек делегациясы Венада МАГАТЭнин башкы директору Мариано Гросси менен жолугушту.

МАГАТЭнин башчысы атомдук энергетиканы өнүктүрүүдө өзбек өкмөтүнө жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Маалыматка караганда, агенттик Өзбекстанда курула турган атомдук электр станциянын курулушуна жана өзөктүк коопсуздук тармагына колдоо көрсөтүүгө дилгир.

Мирзиеёвдин өкмөтү орусиялык “Росатом” агенттиги менен бирге Өзбекстанда алгачкы атомдук электр станциясын курууну пландап жатат.

«Талибандын» күчтөрү Ооганстандагы аймактардын бир бөлүгүн көзөмөлдөйт. Акыркы мезгилдерде алар өзүлөрү да «Ислам мамлекети» террордук тобунун кол салуусуна кабылган учурлар катталууда.

«Талибан» 1996-жылдан 2001-жылга чейин Ооганстандын аймагын дээрлик толугу менен көзөмөлдөгөн. 11-сентябрдагы теракттардан соң алар АКШга Усама бин Ладенди өткөрүп берүүдөн баш тарткандан кийин Кошмо Штаттар менен коалиция биргеликте ооган өкмөтүнө Кабулду жана бир нече аймакты алууга жардам берген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17