Аймак

ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР

ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР

 1,975 Бардыгы /

Аба ырайынын ысык болгондугуна байланыштуу Сузак районунун айыл аймактарында эгин тала, камыш жана кургак чөптөр күйүүдө. Бул маалыматты Сузак райондук ӨКБнүн ӨӨжААБнүн улук офицери, капитан А.Иманов тастыктады.

Табигый мүнөздөн улам келип чыккан өрт кырсыктарынан бир топ эгиндер, кышка камдалуучу жайыт чөптөр өрттөнүп, бир топ чыгым алып келүүдө. Андан сырткары тоолуу аймактарга чыгып эс алууга барган жарандардын өрт коопуздугунун эрежелерин сактабагандыгынын кесепетинен өрт кырсыктары көп катталууда. Буга байланыштуу КРнын ӨКМнин Сузак району боюнча ӨКБнүн ӨӨжААБу тарабынан баардык жарандарга эскертүү берүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Эгерде кимде ким тоолуу, токойлуу аймактарга эс алууга барса, жаш балдарга ширенке карматпай, от чыгаруудан алыс болуп, токойлордун күйүп кетишине жол бербешибиз керек.

Ошондой эле күндүн ысыгынан улам талааларда өрт чыкканы тууралуу көрүп же маалымат алса, тез арада 101 кызматына маалымдап коюусун өтүнөбүз.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17