Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБи: ОБЛУС АЙМАГЫНДА “ЛИДЕР” ИШ-ЧАРАСЫ ЖҮРҮҮДӨ

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБи: ОБЛУС АЙМАГЫНДА “ЛИДЕР” ИШ-ЧАРАСЫ ЖҮРҮҮДӨ

 1,088 Бардыгы /

Жалал-Абад облусунун аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун алдын алуу максатындагы “Лидер” аталышындагы ыкчам алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан билиришти.

Бул иш-чаранын алкагында Ноокен, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр ШРИИБдеринин кызматкерлери мектептерде, эл көп чогулган жайларда түшүндүрүү жумуштарын алып барышууда. Милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдү мектептен сырткары ата-энелер өз көзөмөлүнө алып, алардын туура жолго түшүүсүнө өбөлгө болууга чакырышууда.

Мектеп рекэтчилиги, жаштар арасындагы топтошуп мушташуулар, кылмыштуулук, ар түрдүү кырсыктарды болтурбоо максатында жыйындар уюштурулуп, коомчулук менен учурдун негизги маселелери талкууга алынып жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17