Аймак

АЛА-БУКА ЖАНА БАЗАР-КОРГОН МИЛИЦИЯСЫ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗДҮ

АЛА-БУКА ЖАНА БАЗАР-КОРГОН МИЛИЦИЯСЫ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗДҮ

 1,057 Бардыгы /

Ала Бука РИИБнин кызматкерлери жергиликтүү айыл өкмөт башчылары, билим берүү, балдарды колдоо бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте “Лидер” ыкчам алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, бул иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү мектеп рекетчилигинен жана топтошуп мушташуулардан алыс болууга үндөп, мыкты билим алууга чакырышты.

Мындай профилактикалык иштер Базар-Коргон РИИБнин кызматкерлери тарабынан дагы жүргүзүлүп, Карача айылындагы №8 мектепте ата-энелер менен жыйын өткөрүлдү. Өспүрүмдөрдү түнкү убакыттарда зарыл жумуш болбосо көчөгө чыгарбоо керектиги эскертилип, мектептен сырткары убакыттарда ар дайым жаштарды көзөмөлгө алуу зарылдыгы белгиленген.

Ошондой эле үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында окуучулар арасындагы волейбол, баскетбол уюштурулуп, жеңүүчүлөр сыйланышкан.

“Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17