Аймак

ЧЕК АРАДАГЫ АЙЫЛДАРГА ТАЗА СУУ БАРАТ

ЧЕК АРАДАГЫ АЙЫЛДАРГА ТАЗА СУУ БАРАТ

 1,756 Бардыгы /

Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагына караштуу Дейрес, Жаны-Жол айыл аймагына караштуу Терс айылдары чек арага чектеш жайгашкан айылдар таза суу менен камсыз болот.

Жогорку Кенештин депутаты Алмазбек Эргешовдун кийлигишуусу менен бул эки айыл таза суу менен камсыз болгону калды дейт айыл тургундары.

Дейрес айылына чейин 12 километр аралыкка суу түтүктөрү тартылмакчы. Бул ишти Ош шаарындагы “Рамазан” курулуш ишканасы тендерден 43 миллион 408 миң сомго утуп, курулуш ишин башоодо.

Көп жылдардан бери бул айылдардын эли таза сууну 7 чакырым алыстыктан ташып ичип келишкен. Суугат сууну болсо азыр деле коңушулаш Өзбекстандын аймагынан алышат.

Дейрес айылында 236 кожолукта 1223 калк жашайт, Терсте болсо 165 кожолукта 1100 калк жашаса ушул мезгилге чейин таза суу жок болгон. Учурда арыктар казылып, суу түтүктөрү жаткырылууда.

Чек арадагы айылдардын элин таза суу менен камсыздоо аларды көп түйшүктөрдөн куткарат. Быйылкы жылда аталган эки айылга таза суу жеткирилет дейт мындагылар.

Абдымомун КАЛБАЕВ, Аксы району.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17