Аймак

БЕЙТАПТАРДЫ ЭЛЕКТРОНДУК ФОРМАДА КАБЫЛ АЛУУ ИШТЕЙ БАШТАЙТ

БЕЙТАПТАРДЫ ЭЛЕКТРОНДУК ФОРМАДА КАБЫЛ АЛУУ ИШТЕЙ БАШТАЙТ

 898 Бардыгы /

Ала-Бука аймактык ооруканасында медицина кызматкерлери бейтаптарды дарылоо иштерин электрондук форма менен жүргүзүүдө.Учурда ооруканада 63 компьютер менен электрондук бейтап долбоорунун ишке кирди.  

Республикалык милдеттүү камсыздандыруу фондусунун көмөгү менен оорукана заманбап жабдуулар менен жабдылып жатат. Дары-дармектерди берүү электрондук эсеп менен жүргүзүлөт.

Аймактык ооруканын имараты толук капиталдык оңдоодон чыгарылып, бейтаптар үчүн жакшы шарттар жаратылган, ФОМСтун жардамы менен 120 даана калын төшөк, 220 даана шейшептер, 120 даана заманбап керебеттер жана 50 мин сомдук озу жүрүүчү керебет алынып келинген.

Ала-Бука аймактык ооруканасын оңдөп-түзөө иштеринре 1 миллион 323 мин сом каражат жумшалып, 198 адамды бир мезгилде дарылоо шарты бар.

Эске сала кетсек аймактык ооруканада 6 бөлүм бар. Медициналык кызматкерлер 334 адам болсо алардын 35 жогорку билимдүү дарыгерлер болуп саналат.

Абдымомун Калбаев, Аксы району.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17