Аймак

ТУРУКСУЗ АБА ЫРАЙЫ ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ ФУТБОЛГО ТААСИРИН ТИЙГИЗЕБИ?

ТУРУКСУЗ АБА ЫРАЙЫ ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ ФУТБОЛГО ТААСИРИН ТИЙГИЗЕБИ?

 1,537 Бардыгы /

Жалал-Абаддагы туруксуз аба ырайы эл аралык деңгээлде өтүүчү эртеңки футбол оюнуна же болбосо «Нефтчи» командасы менен Тажикстандын «Хужанд» футбол командасынын беттешине таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу бүгүн аталган клубдардын машыктыруучулары катышкан маалымат жыйында айтылды. 

«Хужанд» клубунун башкы машыктыруучусу Никола Лазаревич аталган жыйында сүйлөп жатып: «Футболдо бир тактика бар. Кандай гана шарт же кыйынчылык болсо да эң негизгиси оюн үзгүлтүккө учурабашы керек. Андыктан биз эртең боло турган оюнга даярбыз. Буйруса жакшы оюн болот деген ишеничтебиз», – деди.

Ал эми «Нефтчи» футбол командасынын машыктыруучусу Немат Закиров эртеңки оюнда атаандаштар менен эле эмес, оюн талаасы менен да күрөш болорун айтты.

«Бул оюнга көп даярдандык. Буга чейин Базар-Коргон районундагы стадиондо, ал эми акыркы 3 машыгуубузду Майлуу-Суудагы стадиондо өткөрүп, беттешке дээрлик даярбыз десем болот.

Аба ырайы өзгөрүп, оюн талаасын да ак кар каптады. Эртеңки беттеште бир эле атаандаштар менен эмес, оюн талаасы менен да күрөш болот окшойт. Бирок кандай гана шарт болбосун биз беттешке даярбыз», – деди машыктыруучу Н.Закиров.

Белгилей кетсек, буга чейин, 5-февралда «Нефтчи» клубу менен түркмөнстандык «Ахал» клубунун беттешүүсү күтүлүп жаткан. Бирок бул команда коронавируска шылтоолоп келген эмес. Мындан улам АФК аталган клубду турнирден четтетип, «Нефтчи» автоматтык түрдө плей-оффко чыккан.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17