Аймак

«КИЕВ МЕНЕН ОРУСИЯ КЕЗЕКТЕГИ ЖОЛУ ТУТКУНДАРДЫ АЛМАШУУНУ ПЛАНДООДО

«КИЕВ МЕНЕН ОРУСИЯ КЕЗЕКТЕГИ ЖОЛУ ТУТКУНДАРДЫ АЛМАШУУНУ ПЛАНДООДО

 1,048 Бардыгы /

Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко апрелге белгиленген «Норманд төрттүгү» саммитине чейин Орусия менен туткундарды алмашуу болорун кабарлады.

Туткундарды алмашуу жөнүндө 14-февралда Орусия менен Украина президенттери телефондо сүйлөшүшкөн. Украин тараптын билдирүүсүндө убактылуу оккупацияланган Донбасс менен Крымдын жана Орусиянын аймагында кармалып тургандарды бошотуу тууралуу талкуу болгону айтылган.

Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча «Норманд форматындагы» жолугушуу апрелде Берлинде өтөт. Буга чейин Орусия ТИМи Украинаны макулдашууларды аткарбай жатат деп айыптап, жазында жаңы саммит болбой калышын кыйыткан.

Путин менен Зеленскийдин Донбасстагы кырдаал тууралуу сүйлөшүүсү 9-декабрда, Парижде «Норманд төрттүгүнүн» алкагында өткөн. Сүйлөшүүгө Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон ортомчулук кылган.

Орусия менен Украинанын президенттери Владимир Путин менен Владимир Зеленский биринчи ирет көзмө-көз кездешкенде, 2019-жылдын аягына чейин ок чыгарбоо режимин камсыз кылуу, туткундардын баарын башма-баш алмашуу тууралуу макулдашкан. Былтыр декабрдын аягында Киев менен өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» деп атап алган жикчилдер өз ара 200 туткунду алмашкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17