Аймак

НООКЕН: МИЛИЦИЯ БИРДИКТҮҮ АЛДЫН АЛУУ КҮНҮН ӨТКӨРҮҮДӨ

НООКЕН: МИЛИЦИЯ БИРДИКТҮҮ АЛДЫН АЛУУ КҮНҮН ӨТКӨРҮҮДӨ

 1,016 Бардыгы /

Бүгүн, 19-февралда Ноокен РИИБнин жана Жалал-Абад ОИИБнин Кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын кызматкерлери бирдиктүү алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой,  бул иш-чаранын алкагында район аймагындагы алыскы айылдарга чейин милиция кызматкерлери барышып, түшүндүрүү иштерин да алып барышууда. Алар элди бардык документтерине так жана сак болууга, ар түрдүү кырсыктардан оолак болууга чакырышуда. Кылмыштуулуктун, жоруктардын, бузуулардын, суукка тоңуулардын жана ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүп жаткан иш-чарада паспорт эрежелери, автоунаалар, курал сактоочу жайлар текшерүүгө алынууда.

“Аймак”  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17