Аймак

ТЕХНИКАНЫ ӨРТТӨН САКТАЙЛЫ

ТЕХНИКАНЫ ӨРТТӨН САКТАЙЛЫ

 809 Бардыгы /

2020-жылдын февраль айына чейин Жалал-Абад шаарынын аймагында 3 автоунаа өрт кырсыгына кабылган. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары боюнча ӨКБнүн ӨӨжААБнүн башчысы капитан К.Маматкулов маалымдады.

Өрт кырсыгынын чыгуу себеби, автоунаалардын айдоочулары өз автоунаасына кайдыгер мамиле жасагандыгынын натыйжасында жана автоунаанын кыймылдаткыч (матор) бөлүгүнө тартылган электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыгууда. Алардын ичинен кээ бир фактыларга токтолуп кетсек.

2020-жылдын 5-февраль күнү Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасында Жеңи-Жок көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөрдүн жанында убактылуу автоунаа токтоотуучу жайында токтоп турган “Тайота камри” үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын матор бөлүгүндөгү электр зымдарында кыска чагылышуу чыгып, автоунаанын матор бөлүгү күйүп кеткен.

Ошондуктан айдоочулардын эсине салабыз, унааңызга кайдыгер карабастан өрт өчүрүүчү шайманы (огнетушитель) алып жүрүүңүздү өзгөчө кырдаалдар бөлүмү эскертет!

“Аймак”

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17