Аймак

КАЗАКСТАНДЫН ЧЫГЫШЫНДА ЖАШООЧУЛАР АЙМАКТЫ КАРАНТИН ЖАЙЫНА АЙЛАНТУУГА КАРШЫ ЧЫГЫШУУДА

КАЗАКСТАНДЫН ЧЫГЫШЫНДА ЖАШООЧУЛАР АЙМАКТЫ КАРАНТИН ЖАЙЫНА АЙЛАНТУУГА КАРШЫ ЧЫГЫШУУДА

 743 Бардыгы /

Чыгыш Казакстан облусунун Кытай менен чектеш Сарытерек айылынын жашоочулары 19-февралда жергиликтүү ооруканаларда Кытайдан келгендерди карантинде кармоого каршылык билдиришти.

Нааразылык акциясына 19-февралда коңшулаш Айнабулак айылынын жашоочулары да кошулушту.

20-февралда Зайсан районунун акими Даниаль Ахметов менен жолугушкан жергиликтүү жашоочулар аймакта коронавирустун жайылышынан кооптонуп жатканын айтышты.

Алар бийлик Кытай менен бардык транспорттук каттам токтотулганын билдиргени менен чек арадан автобустар өтүп жатканын ырасташууда. Ахмедов келерки аптага чейин бул маселени чечүүгө убада берди.

Казак бийлиги коронавирус менен ооруган кишилерди дарылоо үчүн ооруканаларда орун камдалып жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Нуркан Садвакасовдун айтымында, коронавирус инфекциясынын алдын алуу максатында карантин үчүн 4 400 кошумча орун даярдалган.

Кытайдан келген жарандар эреже боюнча 14 күн ооруканада – карантинде, андан соң дагы он күн үйдө – медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө болот.

Бул арада коронавиурс инфекциясынан өлгөндөрдүн саны 2000ден ашты. Кытайда бул ооруну 74 миңден ашуун киши жуктуруп алган. Жугуштуу илдет дүйнөнүн дагы 30 өлкөсүндө катталды. Казакстан бийлиги өлкөдө коронавирус менен ооругандар жок экенин билдирүүдө.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17