Аймак

ТАЖИКСТАН СИРИЯДАГЫ ЖАРАНДАРЫН КАЙТАРУУ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮ УЛАНТУУДА

ТАЖИКСТАН СИРИЯДАГЫ ЖАРАНДАРЫН КАЙТАРУУ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮ УЛАНТУУДА

 1,091 Бардыгы /

Сириянын аймагындагы качкындар лагерлеринде дагы 219 тажик аял жана балдар бар. Алар кезинде «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобуна кошулуп кеткен адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү.

Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин эл аралык уюмдардын маалыматтарына таянып билдирди.

«Качкындардын бул лагерлери Сириянын демократиялык күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү аймактарда жайгашкан. Биз сүйлөшүүнү баштадык. Тажикстандын атынан Кувейттеги элчибиз катышууда. Ал Сириядагы дипломатиялык өкүлчүлүктү да башкарат», — деди ТИМ башчысы.

Анын айтымында, тажик өкмөтүнүн эсеби боюнча Сириянын түрмөлөрүндө дагы 500гө жакын тажик жараны бар. Министр учурда алардын так санын аныктоо боюнча Дамаск менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Мындан тышкары тажик тарап бул багытта ЮНИСЕФ жана Эл аралык кызыл чырым уюмдары менен кызматташууну улантууда. Министрдин айтымында, бул уюмдар тажик жарандарын мекенине кайтарууга жардамдашууга даяр экенин билдиришкен.

2019-жылы жазында Тажикстан Ирактан 84 баланы мекенине алып келген.

Өткөн жумада Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) дүйнө мамлекеттерине кайрылып, Сириядагы жарандарын алып кетүүнү өтүнгөн. Уюмдун маалыматына караганда, Сириядагы лагерлер менен түрмөлөрдө 100 миңге жакын ИМ тобунун жоочусу жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү бар.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17