Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА ЖУРНАЛИСТТИ СҮЗҮП КЕТКЕН АЙДООЧУ СОТ ЗАЛЫНАН БОШОТУЛДУ

ӨЗБЕКСТАНДА ЖУРНАЛИСТТИ СҮЗҮП КЕТКЕН АЙДООЧУ СОТ ЗАЛЫНАН БОШОТУЛДУ

 885 Бардыгы /

Өзбекстанда Ургенч шаардык соту былтыр 6-ноябрда журналист Давлатназар Рузметовду өлтүрө сүзүп кеткен айдоочунун эркиндигин үч жылга чектеген өкүм чыгарып, бир жарым жылга автоунаа айдоого тыюу салды.

Сот өкүм чыгарар алдында айыпталуучу Умидбек Сапаров машиненин алдында калган журналисттин үй-бүлөсүнө каржылык жактан жардам бергенин эске алган.

Соңку үч айдан бери абакта отурган 41 жаштагы айдоочу Умидбек Сапаров 19-февралда сот залынан бошотулду. Бул тууралуу анын адвокаты Шерзод Курбанов кабарлады.

Анын айтымында, маркумдун жубайы айыпталуучу камалгандан көрө, эркиндикке чыгып балдарын бутунан тургузууга жардам берсе оң болорун билдирген.

Хорезмдик белгилүү журналист Давлатназар Рузметов 6-ноябрь күнү кечинде автоунаанын алдына калып мерт болгон.

Давлатназар акыркы учурда анын артынан аңдуулар көбөйгөнүн айтып, убактылуу Ташкентте жашап турууну чечкен. Өлөрдөн бир жума мурда ал кайра Хорезмге кайтып келген.

48 жаштагы журналист буга чейин Хорезм облусундагы «Жаштар үнү», «Хорезм жаштары» гезиттеринде иштеген. Өмүрүнүн акыркы жылдарында «Жамият» деген социалдык-саясий гезитте кабарчы болуп жүргөн.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17