Аймак

ӨЗБЕКСТАН ИНТЕРНЕТ-КОМПАНИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН МААЛЫМАТЫН ӨЛКӨ ИЧИНДЕ САКТООГО МИЛДЕТТЕНДИРЕТ

ӨЗБЕКСТАН ИНТЕРНЕТ-КОМПАНИЯЛАРДЫ КОЛДОНУУЧУЛАРДЫН МААЛЫМАТЫН ӨЛКӨ ИЧИНДЕ САКТООГО МИЛДЕТТЕНДИРЕТ

 662 Бардыгы /

Ташкент Facebook, Google жана Yandex компанияларын өзбекстандык колдонуучулардын жеке маалыматтарын өлкө ичинде сактоого милдеттендире турган план иштеп чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн маалыматтык технологияларды өнүктүрүү министринин орун басары Олимжон Умаров билдирди.

«Сервердик жабдууларды локалдаштыруу иши дүйнөлүк ири компаниялар менен кызматташтыкта ишке ашырылат. Серверлерди Өзбекстанда жайгаштыруу өлкөдө Интернеттин ылдамдыгын он эсеге көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт», — деп билдирди ал.

Бирок айрым эксперттер мындай чаралар колдонуучуларды, алардын социалдык түйүндөргө жайгаштырган маалыматтарын көзөмөлдөөгө багытталганын билдиришүүдө.

Бул план Орусияда 2014-жылы кабыл алынган талаштуу мыйзамга окшош. Ал интернет-компаниялардан орусиялык колдонуучулардын жеке маалыматтарын өлкө ичинде сактоону талап кылат.

Google компаниясы бул мыйзамды аткаруу үчүн 2015-жылы айрым серверлерин Орусиядагы дата-борборлорго көчүргөн. Ошол эле маалда башка дүйнөлүк интернет-компаниялар бул шартка макул болушкан эмес.

Быйыл 13-февралда Москва соту орусиялык колдонуучулардын маалыматтарын Орусиянын аймагына көчүрүүдөн баш тарткандыгы үчүн Twitter жана Facebook компанияларына 60 миң доллардан ашык айып пул салган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17