Аймак

КЫТАЙДАН КЕЛГЕН ТАЖИКСТАНДЫК СТУДЕНТТЕР АСКЕРГЕ ЧАКЫРЫЛУУДАН КООПТОНУУДА

КЫТАЙДАН КЕЛГЕН ТАЖИКСТАНДЫК СТУДЕНТТЕР АСКЕРГЕ ЧАКЫРЫЛУУДАН КООПТОНУУДА

 759 Бардыгы /

Коронавируска байланыштуу Кытайдан кайтып келген тажикстандык студенттер мекенинде армияга чакырылуудан кооптонуп жатышат.

Алардын айтымында, Кытайдагы окуу жайлар атайын документтерди бергенине карабастан, эл арасында чет өлкөдөн келген студенттерди аскерге алып кетүү ыктымалдыгы тууралуу сөздөр айтылууда.

«Бул жерде ал документтерди карайбы-жокпу белгисиз. Тааныштарым мени армияга алып кетип калуулары мүмкүн экенин айтышууда. Ошондуктан тынчсызданып жатам. Эгер мындай болсо вирус жуктуруп алуу коркунучуна карабастан, Кытайга кайтып барууга туура келет. Анткени окуумду аякташым керек», — деди студенттердин бири.

Тажикстанда жыл сайын өспүрүмдөрдү күчтөп аскерге алып кетүү учурлары катталат. Мындан тышкары армияда жоокерлерге уставдан тыш мамилелер болору айтылып келет. Бирок бийлик бул маалыматтарды четке кагууда.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кытайда 3 миңден ашык тажик студенти билим алууда. Алардын көбү кышкы каникулда үйлөрүнө кайтып келишкен. 11-февралда тажик бийлиги коронавирус алгачкы жолу катталган Ухань шаарынан 46 студентти алып келген. Учурда алар карантинде. Дагы жети тажик студенти Уханда дарыгерлердин көзөмөлүндө калышты — алардын дене табы жогору болгондуктан, учакка киргизилген эмес.

Акыркы маалыматтар боюнча Кытайда вирус жуктургандардын саны 80 миңге жетип, 2 миңден ашык адам каза болду.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17