Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД:  “КАРЕГИМДЕ МЕКЕНИМ” СПОРТТУК ИШ-ЧАРАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД:  “КАРЕГИМДЕ МЕКЕНИМ” СПОРТТУК ИШ-ЧАРАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 1,136 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда 21-февраль күнү Ата мекенди коргоочулардын күнүнө жана региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата уюштурулган спорттук иш-чара жыйынтыкталды. Бул туралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, бул мелдеш Жалал-Абад ОИИБнин демилгеси менен уюштурулуп, Жалал-Абад шаардык мэриясы менен биргеликте өткөрүлгөн.

Буга чейин Жалал-Абад областынын аймагындагы ШРИИБдер тарабынан өткөрүлгөн тандоо турунда мыкты көрсөткүчтөргө жетишкендер бүгүн Жалал-Абад ОИИБнин биринчилиги үчүн күч сынашышты. Жаш өспүрүмдөр арасындагы спорттук оюндарды өткөрүүнүн негизги максаты кылмыштуулуктун алдын алуу жана жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо болуп саналат.

Мелдештин катышуучулары спорттун аркан тартыш, 100 жана 3000 метр аралыкка чуркоо, турникке тартынуу, граната ыргытуу, таш көтөрүү, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча күч сынашышты. Район шаарлардан өспүрүмдөрдү коштоп келген милиция кызматкерлери ортосунда дагы мелдештер орун алды.

Белгилей кетүүчү жагдай спортчуларга жана күйөрмандарга жалпы 500 адамга талаа ашканасы уюштурулуп, ошол менен бирге катышуучуларга атайын техникалар жана ок атуучу куралдар тааныштырылды.

“Карегимде Мекеним” спорттук иш-чарасынын жалпы байге фонду 100 миң сомду түзүп, жеңүүчүлөргө кубок, дипломдор жана баалуу белектер ыйгарылды.

Областтын аймагындагы район шаарлардан келген командалар жалпы көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй орундарды камсыздашты.

1-орун – Токтогул РИИБи. Компьютер, кубок, диплом менен сыйланды.

2-орун – Ала-Бука РИИБи. 3х1 мүмкүнчүлүгү бар принтер, кубок, диплом менен сыйланды.

3-орун – Базар-Коргон РИИБи. Түстүү телевизор, кубок, диплом менен сыйланды.

Мындан сырткары спорттук иш-чарада эрежеге ылайык бирдиктүү, өзгөчөлөнгөн форма жана мыкты уюшулган команда номинациясы Кара-Көл ШИИБнин «Энергетик» командасына ыйгарылып, интерактивдүү доска тапшырылды. Ошондой эле Жалал-Абад ШИИБнин «Манас» командасына шаардык мэрия тарабынан компьютер берилди.

«Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17