Аймак

ШАЙЛООЛОР КАНДАЙ ӨТӨТ, ЭЛ БИЙЛИККЕ ИШЕНИМ БЕРЕБИ?

ШАЙЛООЛОР КАНДАЙ ӨТӨТ, ЭЛ БИЙЛИККЕ ИШЕНИМ БЕРЕБИ?

 2,571 Бардыгы /

Алдыда жергиликтүү кеңешке жана КРдин Жогорку Кеңешине шайлоо өтөт. Ага ылайык биздин редакция шайлоо алдынан элдин пикирин алып көрдү. Анда аталган шайлоолордо элдин активдүүлүгү кандай болот? Бийлик шайлоону өткөрүүдө кандай аракеттерди көрөт? Жаштар кайрадан шайлоонун куралына айланабы? Элдин көпчүлүгү миграцияда, алардын шайлоого көз карашы кандай? Төмөндө бул суроолорго жооп изделет…

ШАЙЛОО ӨЛКӨДӨ БИЗНЕСКЕ АЙЛАНГАНБЫ?

Узакбай МАМАТКУЛОВ, саясий серепчи:

-12-апрелде жергиликтүү кеңештерде шайлоолор өтөт. Ага карата даярдыктар кандай болуп жаткандыгынан баары эле кабардар. Мисалы шаарда шайлоочулардын тизмеси негедир аябагандай кулачын жайып жатыптыр. Бул деле болсо мурдагы методдордон, көрүнүштөрдөн арыла албай жаткандыгыбыздан кабар берет. Кандай болгон күндө да шайлоодо ошол аймактын же жалпы эле өлкөбүздүн тагдыры турат. Бийик даражалуу же деңгээлдүү кишилер  депутаттыкка келип калса, кайсы бир деңгээлде көйгөйдү мыйзамдын жолунда же сабаттуу чечишсе аябай жакшы болмок.

Тилекке каршы бүгүнкү күндө андай болбой келет. Шайлоо комиссиясында бир топ мыйзамдар өзгөрүптүр. Мурда билимине эч кандай негиздер каралбаган болсо, бүгүнкү күндө атайын орто кесиптен жогору болушу керек деген критерий киргизишиптир. Эми бул канчалык бир деңгээлде жакшы жагына салым кошот деген ойдомун.

Бүгүнкү күндө элдин ойгонуусуна мезгил келип жетти, эл “Биз тараза экенбиз, биздин аймактын же өлкөнүн тагдыры биздин колубузда экен, элдин атынан шайлаган депутатка байланыштуу экен. Ошондуктан биз деңгээли туура келген депутатты шайлайлык, тандаган талапкерибиз менен бир эле аймактын эмес, өлкөнүн келечегин тандап жаткан болобуз” деген сыяктуу ойгонууга, ойлонууга барышы зарыл. Ушул күнгө чейин көпчүлүктүн оюнда шайлоо деген жөн эле бизнес болуп калды. Элге деле саясий партиянын лидерине деле. Эл кайсы бир деңгээлде кичине акча иштеп калайын десе, партия лидери кандайдыр бир мандат алуунун аракетинде болот. Мындай аракет бизде 10 жылдан ашык убакыт жашаптыр, демек өзгөрүүгө мезгил келип жетти.

БИЙЛИК ШАЙЛООНУ ӨТКӨРҮҮДӨ КАНДАЙ АРАКЕТТЕРДИ КӨРӨТ?

 

Өткүрбек РАХМАНОВ, “Регион” ТВнын кабарчысы:

– Быйылкы шайлоого элдин катышуусу активдүү болбойт деп ойлойм. Себеби элдин бийликке болгон айрыкча парламентке болгон ишеними кеткен. Экинчиден элдин көпчүлүгү чет жакта миграцияда жүрүшөт. Алардын шайлоого катышуусу баары бир толук бойдон камсыз кылынбайт. Алар да шайлоого андай эле кызыктар эмес. Бул жактагы элдин да шайлоого катышайын деп көзү учуп турган жери жок. Мунун баары бийликке болгон ишенимдин өтө төмөн чекке жеткенинин белгиси.

Бийлик шайлоону өткөрүүдө колунда бар рычагдын баарын колдонот. Түшүнгөн адам үчүн бул шайлоо Ак үйдө отургандардын мындан кийинки тагдырын чече турган иш аракет. Эч ким бийлигин колунан жөндөн-жөн чыгаргысы келбейт. Андыктан булар бийликтин айтканын кыла турган өзүнүн атайын проекттери менен түптөлгөн партияларды алып келишке аракет кылат. Аны үчүн албетте админ ресурс колдонулат. Буга чейин да билсеңиздер керек, мамлекеттик кызматта иштегендер сөзсүз бийлик айткан партияга добушун берүүгө милдеттүү болот. Милдеттүү деле эмес, бирок мажбур болушат. Бул факт. Анан албетте добуш сатуу, сатып алуу болот. Буга Оштогу катталып жаткан окуялар далил. Бул эми бийликке барышы керек болгон партиялардын аракети. Чындыгында бул аракеттерге бийлик уруксат бербесе, жөнөкөй партиялардын колунан келбейт. Бул бийлик тарабынан пландалган тагыраагы бийлик уруксат берген партиялардын аракети азыртан башталды. Мындан улам бийликти жактаган партияларга жеңилдиктер, тагыраагы алардын мыйзамсыз иштерине көз жумулуп жатканын айгинелейт. Ушундай эле аракеттерди бийликке жакпаган партиялар кылса жоопко тартылмак. Демек, бул шайлоо дагы адаттагыдай эле бийлик каалагандай өтөт.

ПАРТИЯЛАР ЧАЧТАН КӨП. КАЙСЫНЫСЫНА ҮМҮТ АРТАБЫЗ?

Кыргызстанда 200дөн ашык саясий партия бар дегени менен иш жүзүндө активдүүсү отузга жетпейт. Жаңылары да түзүлүп жатат. Кимисине ишеним берип, кайсынысына үмүт артабыз?

Абдималик ЭЛЕМАНОВ, шаар тургуну:

– Бүгүнкү күндө партияларды жаман көрүп жаткан эл эртең агитациялар башталса, ушул эле эл барып концертин көрүп, чайын ичип, акчасын алып ошол эле партияларды шайлап берет. Бул дегени элдин биримдигинин жоктугу. Эгерде эл мына партияны шайлайбыз, мынаны жолотпойбуз деп бирикмейинче, бөлүнүп мурункудай жашоо улана берет. Ал эми партияларда агитация укмуш күч болуп, кыргыз элинин меймандос, адамгерчилигинен пайдаланып, элди жыйнап, оюн-зоок өткөрүп, акча таратып, жылкы союп, ашын берип, батасын алышат. Жегендин кусмайы бар дегендей эл да анан аларды шайлап коет.

Саясатчылар дагы коронавируска окшоп, мутация болуп баратышат. Бир партиядан чыгып, экинчи партияга кирип “көрүнбөй калайын, дагы өтүп кетейин” дешип, экинчи бет кабын кийип, жалындуу сөздөрүн айтышып, элге күйгөн адам болуп чыга келишет. Эң негизгиси эл сатылбашы керек. Буга чейин айтылган убадалар аткарылбады, жумуш орундары түзүлбөдү, коррупция күчөгөндөн күчөп келет, күнөөлүүлөр эркиндикте, күнөөсүздөр камакта жатат, мигранттарыбыз миллондон ашып кетти, карызыбыз андан ашты… Мындан улам өлкө туруктуу өнүгүп кетеби же кетпейби деген суроо гана жаралып калды. Ошондуктан элибиз өтө терең талдап, татыктуусун тандаш керек. Эми эскилерди көрдүк жерди сатты, элдин келечегин сатты дагы уялбастан кайра элге мен мынаны жасап койдум, тигини жасап койдум деп айтып жаткандарын көрүп иренжийсиң. Айрым депутаттарды көрүп жатабыз “мен мектеп салдым”, “спорт зал курдум” деп айтып жатышат. Кайсы жерде депутат мындай нерселерди курчу эле. Аны кура тургандар башкалар. Ошондуктан парламентке барганда да билимдүү, илимдүү, мамлекеттин мыйзамдарын түшүнгөн инсандарды тандаса элибиз алданбайт эле жана адашпайт болчу.

ЖАШТАР ШАЙЛООНУН САЯСИЙ КУРАЛЫБЫ?

Шайлоого карата даярдыктар ачыкка чыга баштады. Алсак, шайлоонун шайтан оюндарынын куралына  айланган  студенттердин добушу Ош шаарында 1000 сомго бааланды. Мындан улам жаштар саясий оюнчук болуп калганбы?

Аззамбек ЖЭЭНБАЙ уулу, жаш лидер:

-Жаштар коомдун басымдуу жана жигердүү катмары болуп эсептелинет. Ошол себептүү бардык өлкөлөрдө жаштар негизги саясий курал катары колдонулат. Бул практика Кыргызстанда да кеңири колдонулуп, саясий партиялар үчүн жакшы натыйжа берип келет.

Алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо даярдыктары да жаштарды колдонору көрүнүп турат. Ошол эле студенттердин добушун акчага сатып алуу буга чейин кандай ишке ашырылган болсо, бул жолкусунда да кайталанат. Маселе, негизги айып коомдун аң-сезиминде болуп жатат. Таза, өнүккөн коом курууну каалаган өлкөлөрдө добуш сатуу деген түшүнүк жок. А биздин шайлоодогу добуш берүү мамилебиз да кандай өлкөдө жашагыбыз келгендигинин ачык мисалы.

Тандоо бизде: таза, өнүккөн коом курууну кааласак, алгач өзүбүздүн абийирибизди таза кармоодон башташыбыз керек.

МИГРАНТТАР ЭМНЕ ДЕЙТ?

2020-жылы парламенттик шайлоого мигранттар толук кандуу катышуусу үчүн Мамлекеттик миграция кызматы Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте иш-чаралар башталганын билдирген. Ал эми мигранттар эмне дейт?

Назира САДЫРБАЕВА, мигрант:

-Мен Орусия жергесинде көптөн бери иштеп келем. Өзүбүздүн жерде да жумуш жетиштүү, маянасы жакшы болсо бөтөн журтта журттабайт элек. Бирок өлкөдө дагы деле шарттар жаралбай келет. Бул дегендик өкмөттүн жакшы иштебегенинеби же өлкө өнүкпөгөнүнөн болууда. Шайлоого жакын баары эле кыйратабыз, өлкөнү өнүктүрүп, мигранттарга жардам беребиз, миграция маселесин чечебиз дешет. Ал нерсе деле шайлоодон кийин унутта калып кетет. Мына жакында да Кыргызстанда шайлоо болот экен, ага мигранттардын көпчүлүгү катышпайт. Анткени ким келип бизден добуш алып кетет, келсе дагы биз бул жакта туруп кимиси татыктуу экендигин билбейбиз. Шайлоонун чет жерде жүргөн кыргыздар үчүн такыр пайдасы жок десек да болот. Анткени биз шайлоо өтсө өтпөсө да өз арабызды өзүбүз тартып келгенбиз жана тарта бермекчибиз.

 

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17