Аймак

НУР-СУЛТАНДАГЫ ТЕРГӨӨ АБАГЫНДА АКТИВИСТ ДУЛАТ АГАДИЛ КАЗА БОЛДУ

НУР-СУЛТАНДАГЫ ТЕРГӨӨ АБАГЫНДА АКТИВИСТ ДУЛАТ АГАДИЛ КАЗА БОЛДУ

 1,722 Бардыгы /

Нур-Султан полициясы 25-февралда тергөө абагында активист Дулат Агадил каза болгонун билдирди.

«Нур-Султандагы тергөө абагында кечээ кечинде алып келинген 43 жаштагы Дулат Агадил аттуу жаран каза болду. Болжол менен анын өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгон. Денесинен көк-ала тактар табылган жок. Учурда сотко чейинки тергөө иши башталды», — деп жазылган мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

24-февраль күнү кечинде активисттер социалдык түйүндөр аркылуу Агадилди үйүнөн жарандык кийимчен адамдар алып кетишкенин билдиришкен. «Фейсбукка» жарыяланган видеодо белгисиз адамдар Дулат Агадилди күчтөп автоунаага салып алып кетишкенин көрүүгө болот.

Полиция департаментинин билдирүүсүнө ылайык, 24-февраль кечинде Дулат Агадил үйүнөн кармалып, тергөө абагына жеткирилген.

Өткөн жылы ноябрдын ортосунда 43 жаштагы активист камактагы мөөнөтү аяктаганга бир күн калганда Акмолодогу убактылуу кармоо жайынан качып кеткен. Кийинчерээк ал абактан негизсиз куугунтукталып жатканына нааразылык билдирүү үчүн качканын билдирген. Бул окуядан кийин Агадилдин туугандары менен укук коргоочулар ал убактылуу кармоочу жайда кыйноого алынган болушу мүмкүндүгүн айтып чыгышкан.

Дулат Агадилдин өлүмү тууралуу маалымат чыккандан кийин анын ондогон тарапташы убактылуу кармоочу жайдын алдына чогулуп, 22-февралдагы митингдин алдында жана ошол күнү кармалгандарды көрсөтүүнү талап кылышууда.

Социалдык маселелерди көтөрүп, жарандык укуктардын, эркиндиктердин сакталышы үчүн акцияларга чыгып жүргөн активист Дулат Агадил былтыр бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылып, жалпысынан 60 күндөн ашык камакта отуруп чыккан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17