Аймак

МИРЗИЁЕВ «ФЕРГАНААЗОТ» ЗАВОДУНУН МАМЛЕКЕТТИК ҮЛҮШҮН ИНВЕСТОРЛОРГО САТУУНУ ТАПШЫРДЫ

МИРЗИЁЕВ «ФЕРГАНААЗОТ» ЗАВОДУНУН МАМЛЕКЕТТИК ҮЛҮШҮН ИНВЕСТОРЛОРГО САТУУНУ ТАПШЫРДЫ

 783 Бардыгы /

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 24-февралда химиялык өнөр жайды реформалоо боюнча жыйын өткөрдү. Анын жүрүшүндө өзбек лидери “Ферганаазот” ачык акционердик коомунун мамлекеттик үлүшүн инвесторлорго сатууну тапшырды.

Расмий маалыматтарга караганда, буга чейин ишканалардын кирешесин жогорулатуу максатында базар механизмдери киргизилип, баа бычуу эрежеси кайра каралган. Натыйжада химиялык өнөр жай тармагы мурдагы жылга салыштырмалуу былтыр 2,3 эсеге көп пайда тапкан.

Жолугушуу учурунда президент татаал кошулмасы жок айрым химиялык продукцияларды өлкө ичинде өндүрсө боло турганын айткан.

Маалыматка караганда, экспорт үчүн колдонулган жабдуулардын 60% эскирген, энергиялык чыгым нормадан 2-3 эсеге көп.

Өзбекстанда көз карандысыз талдоочулар мунайгаз жана химиялык өндүрүш объектилерин чет өлкөлүк инвесторлорго сатуу жараяны ачык-айкын жүрбөгөнүн сындап келишет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17