Аймак

КАЗАКСТАНДА МИТИНГГЕ ЧЫККАНДАР АКТИВИСТТЕРДИ БОШОТУУНУ ЖАНА ӨКМӨТТҮ ТАРКАТУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ

КАЗАКСТАНДА МИТИНГГЕ ЧЫККАНДАР АКТИВИСТТЕРДИ БОШОТУУНУ ЖАНА ӨКМӨТТҮ ТАРКАТУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ

 1,111 Бардыгы /

25-февралда Нур-Султандагы тергөө абагында активист Дулат Агадил каза болгондон кийин Казакстандын Чымкент жана Алматы шаарларында ондогон адам жергиликтүү полиция департаменттеринин алдына митингге чыгышты.

Чогулгандар активисттин өлүмү үчүн биринчи кезекте бийлик, анын ичинде өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы Нурсултан Назарбаев, президент Касым-Жомарт Токаев жана ички иштер министри Ерлан Тургумбаев жооптуу экенин билдиришти. Айрымдары Назарбаев жетектеген Коопсуздук кеңешин таркатууну, улуу кызы Дарига Назарбаеваны парламент сенатынын спикери кызматынан алууну жана өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылышты.

Акция катышуучулары активисттин өлүмүнүн себептери боюнча полициянын версиясына ишенбей тургандыктарын айтып, 22-февралдагы митинг маалында жана ага чейин кармалгандарды бошотууну талап кылышты. «Биринчи кезекте бизди саясий туткундар, анын ичинде административдик камакка алынгандардын тагдыры тынчсыздандырууда. Анткени алардын коопсуздугуна кепилдик жок. Эгер бийлик өлкөдө терс окуялардын болуп кетишин каалабаса, Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңеши жана өкмөт менен чогу отставкага кетиши керек», — деди акция катышуучуларынын бири.

24-февраль күнү кечинде социалдык түйүндөргө Дулат Агадил кармалган учур тартылган видео жарыяланган. Анда жарандык кийимчен бир нече адамдын активистти күчтөп автоунаага салып алып кеткенин көрүүгө болот. ИИМдин өздүк коопсуздук департаментинин башчысы Арман Саданов Агадилди кармаган кызматкерлердин аракети боюнча текшерүү жүргүзүлөрүн билдирди.

Полиция активисттин өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгонун билдирген. Бирок Агадилдин тааныштары анын жүрөк оорусу болбогонун айтып жатышат.

Шейшемби күнү Дулат Агадилдин өлүмү тууралуу маалымат чыккандан кийин анын ондогон тарапташы убактылуу кармоочу жайдын алдына чогулуп, 22-февралдагы митингдин алдында жана ошол күнү кармалгандарды көрсөтүүнү талап кылышкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17