Аймак

АКСЫ МИЛИЦИЯСЫНЫН АЙЫЛ АЙМАКТАРДАГЫ ИШТЕРИ

АКСЫ МИЛИЦИЯСЫНЫН АЙЫЛ АЙМАКТАРДАГЫ ИШТЕРИ

 1,143 Бардыгы /

Аксы РИИБнин кызматкерлер район аймагындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында бир топ иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Атап айтсак, Кербен шаарында, Авлетим жана Кашка-Суу айыл аймактарында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери атайын жолугушууларды өткөрүшкөн. Жыйындарга мектеп мугалимдери, ата-энелер, окуучулар катышып, кылмыш жана кырсыктардын, бузуулардын алдын алуу багытындагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Милиция тарабынан жаштарга социалдык тармактардын терс жактары айтылып, убакытты бекер өткөрбөй пайдалуу иштерге жумшоо керектиги белгиленген. Ата-энелерге балдарын ар тараптуу колдоого алуу жана сабактан сырткары көзөмөл салуу жагы айтылган.

Ошондой эле 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата Аксы РИИБнин өздүк курамы менен кыргыз тилчи Айгүл Жоробаеванын катышуусунда тил-баян жөнүндө семинар-лекция өткөрүлгөн. Семинардын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өркүндөтүү багытында аткарыла турган жумуштардын планы айтылып, суроо-жооптор орун алды.

«Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17