Аймак

ЧАТКАЛ МИЛИЦИЯСЫ «ЖОЛДО ЖҮРҮҮДӨ АБАЙЛА ОКУУЧУ» ИШ-ЧАРАСЫН ӨТКӨРҮҮДӨ

ЧАТКАЛ МИЛИЦИЯСЫ «ЖОЛДО ЖҮРҮҮДӨ АБАЙЛА ОКУУЧУ» ИШ-ЧАРАСЫН ӨТКӨРҮҮДӨ

 1,367 Бардыгы /

Чаткал РИИБнин жетекчилигинин демилгеси менен балдарды колдоо жылына карата бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Район аймагындагы мектептерде, эл көп топтолгон жайларда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, кырсыктардын алдын алуу багытындагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошол менен катар «Жолдо жүрүүдө абайла окуучу» иш-чарасы жүргүзүлүп, өспүрүмдөргө жол белгилери тууралуу маалыматтар берилди. Сабактан соң үйгө бараткан учурда жолдун чети менен жүрүү керектиги, жолду туш тараптан кесип өтпөй атайын жөө жүргүнчүлөр өтүүчү чийиндерден өтүүгө болоору эскертилген.

Ал эми ата-энелерге балдарын түнкү убакыттарда зарыл жумуш болбосо сыртка чыгарбоо керектиги жана эрте турмуш куруунун терс жактары айтылды. Милиция кызматкерлери өспүрүмдөр арасындагы топтошуп мушташуулардын, мектеп рекетчилигинин алдын алууда ата-энелерди кайдыгер мимиле жасабоого чакырышты.

«Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17