Аймак

ШААРДЫК СОТ «АЗИЯ НЬЮСТУ» МИНИСТРГЕ 300 МИҢ СОМ ТӨЛӨП БЕРҮҮГӨ МИЛДЕТТЕНДИРДИ

ШААРДЫК СОТ «АЗИЯ НЬЮСТУ» МИНИСТРГЕ 300 МИҢ СОМ ТӨЛӨП БЕРҮҮГӨ МИЛДЕТТЕНДИРДИ

 889 Бардыгы /

Бишкек шаардык соту «Азия Ньюс» гезитин Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды. Чечим 26-февралда чыкканын «Азаттыкка» гезиттин коомдук жактоочусу, жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

«Гезиттин редактору Аслан Сартбаев жана биз да шаардык соттун чечимине макул эмеспиз. Ошондуктан эми Жогорку сотко кайрылалы деп жатабыз», – деди Турдукулов.

Кашкар Жунушалиев «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде (№16) жана 16-майда (№19) чыккан сандарындагы макала, коллаждар үчүн сотко берген. Министр «гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деп, гезиттен 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр декабрь айында Жунушалиевдин «Азия Ньюска» каршы доо арызын канааттандырып, гезитти 1 миллион сом айып пулга жыккан. Гезит райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко кайрылган.

“Азия Ньюсту” мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да сотко берип, 1 миллион сом доого чыккан.

Мындан тышкары гезит Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаев менен да соттошуп, ага 15 миң сом төлөмөр болгон.

“Азия Ньюс” – Кыргызстандагы эркин гезиттердин бири.

 

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17