Аймак

ИДЛИБДЕГИ СОГУШТА ТҮРКИЯ 30ГА ЖАКЫН АСКЕРИН ЖОГОТТУ

ИДЛИБДЕГИ СОГУШТА ТҮРКИЯ 30ГА ЖАКЫН АСКЕРИН ЖОГОТТУ

 790 Бардыгы /

Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында Башар Асаддын күчтөрүнүн аба соккуларынан кеминде 29 түрк аскери каза болуп, 35и жаракат алды. Бул тууралуу Түркиянын Хатай провинциясынын губернатору билдирди.

Буга байланыштуу бейшемби күнү кечинде түрк президенти Режеп Эрдоган өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү.

Анкаранын расмий өкүлү Фахреттин Алтундун «Анадолу» агенттигине билдиргенине караганда, жыйында «Асад режиминин бардык белгилүү позицияларына жооптуу сокку уруу» чечими кабыл алынды.

«Жыйында Асаддын режими жүз миңдеген сириялыктын өлүмү үчүн жооптуу экени белгиленип, биздин аскерлерге каршы курал колдонгон мыйзамсыз режимден өч алуу чечими кабыл алынды… Биз эл аралык коомчулукту, өзгөчө Астанадагы сүйлөшүү процессинин катышуучуларын өз милдеттенмелерин аткарууга жана Асад режиминин адамзатка каршы жасап жаткан кылмыштарын токтотууга чакырабыз», — деди Алтун.

2017-жылы Астанада башталган Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн катышуучуларынын арасында Орусия да бар. Бул өлкө Асаддын режимине аскердик жардам көрсөтүп жатса, Түркия оппозицияны колдоп келет.

Түрк аскерлерине президент Асаддын күчтөрү сокку урганы кабарланганы менен, Идлибдеги аба соккуларынын көпчүлүгүн орусиялык авиация жасап келет.

Бейшемби күнү «Анадолу» агенттиги Идлибде түрк аскерлери орус учактарына ок аткандыгы тууралуу орусиялык телеканалдардын билдирүүсүн четке какты. Буга чейин алар Түркия менен Сириядагы куралдуу оппозициянын отряддары орус жана Асад режиминин учактарына чабуу жасоо үчүн көчмө зениттик-ракеталык комплекстерди колдонуп жатканын кабарлашкан. Өз кезегинде орус телеканалдарындагы мындай репортаждарга Reuters агенттиги да көңүл буруп, акыркы эки жумадан бери ракеталык комплекстен Башар Асаддын армиясына таандык эки тик учак гана атылып түшүрүлгөнүн жазды. Агенттиктин маалыматына караганда, бул аралыкта аймакта бир дагы учак атылган эмес.

Сириянын президенти Башар Асаддын күчтөрү Орусиянын авиациялык колдоосуна таянып, бир нече аптадан бери Идлиб провинциясына чабуул коюп келатышат. Акыркы 30 күн ичинде Асаддын өкмөттүк күчтөрү Идлиб провинциясынын түштүгүндөгү 30 калктуу пунктту өзүнө каратты.

Акыркы убактарда Сириядагы аскердик күчтөрүн улам көбөйтүп жаткан Түркия да бул чатакка улам көбүрөөк аралашып баратат. Түрк аскерлеринин колдоосу менен оппозиция Идлиб провинциясындагы Саракиб шаарын жана Алепподон Дамаскка бара турган жолду өз көзөмөлүнө кайтарып алганы кабарланууда.

БУУ Сириянын бул аймагында гуманитардык укуктар бузулуп, жергиликтүү калкка коркунуч жаралып жатканын билдирүүдө. Уюмдун маалыматына караганда, декабрдын башынан бери Идлибден дээрлик 950 миң адам чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17