Аймак

КЫРГЫЗ-ГРУЗИН КЫЗМАТТАШТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

КЫРГЫЗ-ГРУЗИН КЫЗМАТТАШТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

 795 Бардыгы /

НУР-СУЛТАН. Кыргыз Республикасынын  тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Грузиянын Кыргыз Республикасындагы (резиденциясы НурСултан шаарында жайгашкан) Элчиси Зураб Абашидзени кабыл алды.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалын жана анын мындан ары ырааттуу өнүктүрүнүүнүн болочогун конструктивдүү негизде талкуулаштыСоодаэкономикалык жана маданийгуманитардык кызматташууларды активдештирүү жөнүндө дагы макулдашышты. Ошондой эле 2020-жылга пландалган биргелешкен иш чараларды өткөрүү маселелерин, мунун ичинде, Грузиянын Тышкы иштер министри Д.Залкалианинин Кыргыз Республикасына расмий сапарын уюштуруу маселесин дагы кенен-чонон талкуулашты.

Тараптар ошондой эле өз өз ара кызматташуунун келечектүү чөйрөсү туризм экендигин баса белгилештиКыргыз тарап бул өңүттө Грузиянын тажрыйбасын алууга, ошондой эле туризм чөйрөсүндөгү грузин компанияларын Кыргыз Республикасынын рыногуна тартууга кызыкдарлыгын жашырган жок.

Жолугушуунун жыйынтыгында Эл аралык жана Аймактык күн  тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча дагы өз ара пикир алмашышты. Ошондой эле ара тараптуу кызматташууну мындан ары өркүндөтүүнү абдан катуу макулдашышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17