Аймак

ЖАЙЫТ КОМИТЕТИНИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ЖОГОРУЛАЙТ

ЖАЙЫТ КОМИТЕТИНИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ЖОГОРУЛАЙТ

 1,647 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 2020-жылдын 27-февралында Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагында «Жайыт комитетинин ишмердүүлүгүн жогорулатуу жана малдан адамга жугуучу оорулардын алдын алуу» аталышындагы тренинг өттү.    

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекетик Башкаруу Академиясынын Борбор Азиядагы ири өнөктөшү Ханнс Зайдель Фондунун колдоосу менен өтүп, Ханнс Зайдель Фондунун 2009-жылкы бүтүрүүчүсү, АРИСтин Базар-Коргон району боюнча эксперти Давлет Арзикулов тарабынан уюштурулган. Иш-чарага айыл аймактын ири фермер чабандары, ветдарыгерлер, айыл башчы, айыл бийлери, жайыт комитетинин мүчөлөрү жана айыл активтери катышты.

Тренингдин катышуучуларына Ханнс Зайдель Фонду тарабынан малдан адамга жугуучу оорулардын түрлөрү жана сактануу боюнча окуу куралдары берилди. Уюштуруучулардын айтымында тренингге катышкан жарандар алган билимин айылдарда жайылтууну колго алышат жана күнүмдүк турмуш тирикчиликте колдонушат.

Катышуучулардын белгилөөсүндө айыл аймактын тургундары негизинен мал чарбачылык жана айыл чарба тармагы менен алектенгендиктен микротренинг өтө пайдалуу жана азыркы күндүн эң бир актуалдуу темасы экенин белгилешти. Тренингдин соңунда малдын санын кыскартуу жана сандан сапатка өтүү, мамлекет тарабынан берилип жаткан ваксиналар боюнча кызуу талкуулар менен коштолду.

Тренингдин максаты, чарба жүргүзүүчүлөрдүн мал чарба продукциясын өндүрүү технологиясы боюнча, малды жана кушту багуу жана тоюттандыруу боюнча зооветеринардык билиминин жогорлатуу, фермерлердин финансылык мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар ветеринардык иш-чаралардын планы деген эмне жана аны иштеп чыгуу эмне үчүн керек, пландын курамы, планды макулдашуунун жана бекитүү процедураларын, ким тарабынан иштеп чыгарылгандыгын жана аны бекиткенге кимдин укугу барын билишти. Ошондой эле малдын ден соолугун сактоо боюнча  ветеринардык иш-чаралардын планын жана пландын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн тартибин,  ошондой эле, иш-аракеттердин ирээти жөнүндө маалыматтарды алышты.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17